Окуу программасы жөнүндө
Программа эл аралык укук илимдери жаатында илимий жана педагогикалык кадрларды фундаменталдуу, комплекстүү жана жогорку сапатта даярдоого багытталган. Аспирантура программасы илимий изденүү жана изилдөө долбоорлорун аткаруу жөндөмдөрүн өнүктүрөт: илимий изилдөөнүн милдеттерин өз алдынча коюу, аны пландаштыруу, жүргүзүү жана натыйжаларын көрсөтүү; тиешелүү илимий адистик боюнча заманбап изилдөө ыкмаларын жана технологияларын өздөштүрүү; илимий-педагогикалык ишмердүүлүктүн көндүмдөрүн калыптандыруу.







