Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасы «Француз тили, адабияты жана котормосу» маданияттар аралык жана тилдер аралык баарлашуу жаатында кеңири профилдеги адистерди даярдоого багытталган. Окуу учурунда программанын студенттери бир нече чет тилдерди өздөштүрүп, тиешелүү тилдердин жана региондордун маданияты боюнча кеңири билимдерге, терең лингвистикалык жана жалпы гуманитардык билимдерге ээ болушат. Мындан тышкары, окуучуларда котормо ишмердүүлүгү жана чет тилин окутуу боюнча кесиптик компетенциялар калыптанат. Программа француз тилин В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билген, ар кандай котормо көндүмдөрүн же чет тилин окутуу көндүмдөрүн алууну каалаган абитуриенттерге ылайыктуу.











