Окуу программасы жөнүндө
"Европалык изилдөөлөр" магистратурасынын билим берүү программасы Европадагы интеграциялык процесстерди изилдөөгө, Европалык коомчулуктарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө, Европа Биримдигинин азыркы этаптагы иштешине арналган. Программанын алкагында окутуучулар европалык интеграция тарыхынын негизги аспектилерин, ЕБнин негизги ишмердүүлүк багыттарын, ЕБнин ишмердүүлүгүнүн укуктук принциптерин, Евробиримдиктин институттары жана мекемелеринин ишмердүүлүгүн, ЕБнин эл аралык ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнү изилдешет. Европалык интеграцияны изилдөөнүн ар кандай теориялык ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат.








