Окуу программасы жөнүндө
Программаны түзүүдө кесиптик стандарттардын талаптары, АССА жана иш берүүчүлөрдүн сунуштары эске алынган. Экономика жаатындагы негизги даярдык бухгалтердик жана башкаруучулук эсеп, аудит, каржылык менеджмент жана салык салуу боюнча негизги жана колдонмо дисциплиналарды терең изилдөө, магистранттардын илимий-изилдөө жана практикалык иштери менен айкалышат. Билим берүү программасы кесиптик стандарттарды жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын жана кесиптик ишмердүүлүк жаатындагы эмгек функцияларын шайкеш келтирүү боюнча иш берүүчүлөрдүн пикирлерин эске алуу менен иштелип чыккан.











