Окуу программасы жөнүндө
Студенттер төмөнкүлөрдү үйрөнүшөт: геоинформатика; маалыматташтыруу объекттерин долбоорлоо, модернизациялоо жана тейлөө процесстери, ишканалардын корпоративдик маалымат системалары жана алардын программалык, техникалык жана уюштуруучулук камсыздоосу, анын ичинде ERP-системаларды, ар кандай интеллектуалдык системаларды жана заманбап ИТти колдонуу; 3D моделдөө, компьютердик анимация түзүү, видеомонтаж жана дизайн жаатында программалоо көндүмдөрүн алышат, компьютердик оюндарды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгышат, интерактивдүү веб-сайттарды жана маалымат кызматтарын түзүшөт, графикалык жана мультимедиялык маалыматтарды сактоо жана иштетүү системасын коштошот, дизайн үстүндө иштешет жана электрондук жана басма басылмалардын макеттерин түзүшөт ж.б.









