Окуу программасы жөнүндө
Адистерди даярдоо үч профиль боюнча жүргүзүлөт: 1. Медиа берүү системалары жана технологиялары (телекоммуникация жана тармактык технологиялар жаатындагы негизги даярдоо, ошондой эле медиа контентти өндүрүү жана таратуу жаатындагы атайын даярдоо). 2. Зымсыз инфокоммуникациялык тармактар (технология маселелерин изилдөө жана бардык түрдөгү маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо, кабыл алуу жана ар кандай аралыкка берүү үчүн техникалык каражаттарды иштеп чыгуу). 3. Объекттердин абалын көзөмөлдөө (технологиялар, каражаттар, алыстан маалымат алмашуу, аны иштетүү жана сактоо ыкмалары боюнча терең теориялык жана практикалык даярдоо).








