Окуу программасы жөнүндө
«Финансы жана кредит» багытынын алкагында «Коммерциялык уюмда финансы башкаруу» билим берүү программасы ишке ашырылып жатат. Бул программа кесипкөй аналитиктерди жана консультанттарды, финансылык менеджерлерди, директорлорду даярдоого багытталган. Бүтүрүүчүлөр чоң маалыматтарды талдоо, каржылык консалтинг, менеджмент жана башкаруу тармактарында компетенцияларга жана тажрыйбага ээ болушат. Ошондой эле зарыл болгон кесиптик программаларды өздөштүрө алышат.