Окуу программасы жөнүндө
Бакалаврдык программа укуктук практиканын каалаган чөйрөсүндө кесиптик ишмердүүлүктү ийгиликтүү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген универсалдуу практикалык көндүмдөр жана ыкмалар топтому менен айкалышкан сапаттуу фундаменталдык юридикалык билимдерди алууга мүмкүнчүлүк берет. Бакалаврдык программалар боюнча студенттерди даярдоо эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөргө коюлган кесиптик компетенцияларга болгон талаптарды талдоонун, ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаны жалпылоонун, бүтүрүүчүлөргө суроо-талап жогору болгон тармактагы алдыңкы иш берүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен консультациялар өткөрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.







