Окуу программасы жөнүндө
«Медиа-коммуникациялар жана мультимедиялык технологиялар» билим берүү программасы медиа тармагында ар тараптуу адистерди даярдоого багытталган жаңы даярдоо багыты болуп саналат. Окуу планы чыгармачылык, технологиялык жана башкаруу багыттарын бирдей өлчөмдө айкалыштырат. Бул бүтүрүүчүлөргө заманбап медиаиндустрияда ишмердиктин ар түрдүү түрлөрү кесилишкен чөйрөдө ийгиликтүү иштөө үчүн зарыл көндүмдөргө ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. Ушул максатта багытта долбоордук окутуу өнүктүрүлүүдө: студенттер кесипкөй индустрия койгон реалдуу өндүрүштүк тапшырмаларды аткарышат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр кайда иштешет:
ЖМКларда (гезиттердин, маалымат агенттиктеринин, радиостанциялардын жана телекомпаниялардын редакцияларында, интернет-ЖМКларда, медиахолдингдерде);
маданият чөйрөсүндө (киноиндустрияда, үн жаздыруу студияларында, продюсердик агенттиктерде, шоу-бизнесте);
мультимедиалык студияларда, интернет-порталдарда, компьютердик оюндарды, анимацияны, программалык продуктыларды жана мобилдик тиркемелерди өндүрүүчү компанияларда;
маалыматтык-коммуникациялык чөйрөлөргө жакын тармактарда (басма сөз кызматтарында, жарнама агенттиктеринде, PR-агенттиктерде, SMM-маркетинг агенттиктеринде;
event-индустрияда.