Окуу программасы жөнүндө
Программа 40.04.01 “Юриспруденция” багытында ишке ашырылат. Окуу мөөнөтү 2 жыл. Программа жеке укук жана мүлктүк укук мамилелери жаатында жогорку кесипкөй юристтерди даярдоого багытталган. Студенттер коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн укуктук камсыз кылуунун, келишимдерди укуктук коштоонун, ишкерлердин жана алардын бирикмелеринин башка юридикалык аракеттерин, мүлктүк укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоонун заманбап ыкмаларын жана методдорун үйрөнүшөт.










