Окуу программасы жөнүндө
Бул М.В. Ломоносов атындагы МГУнун колдоосу менен 02.03.02 Негизги информатика жана маалыматтык технологиялар багытынын алкагында иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан жаңы программа. Билим берүү программасы негизги математикалык даярдыкты ар кандай заманбап программалоо тилдерин жана алгоритмдерди изилдөө менен, аларды практикалык колдонуу көндүмдөрүнө, маалыматтык системаларды жана жаңы алгоритмдерди түзүү принциптерине өзгөчө көңүл буруу менен айкалыштырат.









