Окуу программасы жөнүндө
Электроэнергетика жана электротехника тармагында фундаменталдык даярдыкты жана билимди талап кылган ишмердикке, анын ичинде илимий-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук, өндүрүш-технологиялык, тейлөө-эксплуатациялык жана уюштуруу-башкаруу ишмердигине кадрларды даярдоо; электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, өзгөртүү жана колдонуу, энергия агымдарын башкаруу, ошондой эле бул процесстерди ишке ашырган элементтерди, түзүлүштөрдү жана системаларды иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча компетенцияларды камсыз кылуу. Электр энергиясын өндүрүү, өзгөртүү жана колдонуу, энергия агымдарын башкаруу жана бул процесстерди ишке ашыруучу жабдуулар маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.










