Окуу программасы жөнүндө
Бул окуу багыты экономикалык процесстерди талдоо жана божомолдоого жөндөмдүү адистерди даярдайт. Программа экономика, финансы жана башкаруунун теориялык жана практикалык аспектилерин камтыйт. Студенттер изилдөөнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүшөт, экономикалык маалымат менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүшөт.
Профилдер: Ишканада экономика жана башкаруу, Финансы жана кредит, Дүйнөлүк экономика: финансылык рыноктор жана институттар, Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, Энергетика экономикасы










