Окуу программасы жөнүндө
Адистик келечектеги инженерлерди жана маалымат технологиялары боюнча адистерди даярдайт, алар компьютердик системаларды жана тиркемелерди долбоорлоо, иштеп чыгуу, киргизүү жана колдоо боюнча комплекстүү тапшырмаларды чече алышат. Бүтүрүүчүлөр программалык камсыздоону иштеп чыгуучу, системалык аналитиктер, киберкоопсуздук инженерлери, маалымат базалары жана тармактар администраторлору, IT-консультанттар жана долбоордук менеджерлер кызматтарын ээлей алышат.









