Окуу программасы жөнүндө
Магистратура программасынын социалдык мааниси (миссиясы) – мурас объекттеринин - эстеликтердин, ансамблдердин жана кооз жерлердин тарыхый-маданий баалуулугун ачуу жана сактоо, ошондой эле аймактардын жана тарыхый курулуш объекттеринин социалдык-функционалдык жана эстетикалык сапаттарын өркүндөтүү, маданий мурас объекттерин реставрациялоо боюнча социалдык маанилүү тармактагы адистерди түзүү.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Архитектор-реставратор маданий мурас объекттерин реставрациялоо, архитектуранын уникалдуу эстеликтерин сактоо боюнча долбоорлорду түзөт, адамдын жашоо ишмердүүлүгүнүн калыптанган жасалма чөйрөсүн заманбап материалдык жана руханий муктаждыктарга ылайык өзгөртөт, баалуу архитектуралык объекттердин, алардын комплекстеринин жана ансамблдеринин, тарыхый конуштарынын тарыхый-маданий маанилүүлүгүн ачып көрсөтөт.