Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасында психолог-практиканын ишинин беш негизги багыты эске алынган: 1) Психологиялык алдын алуу 2) Психологиялык диагностика 3) Психологиялык коррекция 4) Психологиялык өнүгүү 5) Психологиялык консультация Программанын бүтүрүүчүлөрү психикалык процесстерди, абалдарды, инсандык касиеттерди диагностикалоо жана оңдоо боюнча компетенттүү болушат. Алар кичи жана чоң топтордо инсандыктын ар кандай социалдык-психологиялык көрүнүштөрүн башкара алышат, инсандыктын функционалдык абалын оптималдаштыруу максатында социалдык-психологиялык өзгөрүүлөр программаларын түзө алышат.










