Окуу программасы жөнүндө
Программада тарых, коом таануу жана англис тили жаатында жогорку квалификациялуу педагог кадрлар даярдалат, алар ар түрдүү типтеги билим берүү уюмдарында иштөө үчүн кеңейтилген кесиптик компетенцияларга ээ болушат. Студенттер тарыхты, өткөндү ар түрдүү чечмелеген илимий концепцияларды жана тарыхый булактарды талдоонун заманбап ыкмаларын, тарыхты жана коом таанууну окутуунун методикасын, ошондой эле англис тилиндеги оозеки жана жазуу жүзүндөгү баарлашуу стратегияларын жана чет тилин окутуунун методикасын үйрөнүшөт. Педагогикалык блоктун алкагында студенттер окутуу, өнүгүү жана тарбиялоо процесстеринин мыйзамченемдүүлүктөрүн, ошондой эле мазмунун, түзүмүн үйрөнүшөт.










