Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты: бир эле учурда жакшы экономикалык жана юридикалык билимге ээ адистерди даярдоо. Адистикке окутуу коомдун, мамлекеттин жана инсандын, экономикалык ишмердүүлүк субъекттеринин экономикалык коопсуздугун, экономикалык чөйрөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылган адистерди даярдоого багытталган; экономикалык чөйрөдө инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кесиптик тапшырмаларды аткара алган адистерди даярдоого багытталган; экономикалык коопсуздуктун тышкы жана ички коркунучтарын аныктоо.










