Окуу программасы жөнүндө
Клиникалык психолог адистиги ар кандай категориядагы калкка психологиялык кеңеш берүү, психотерапия жана психотерапиялык жардам берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштөө, юридикалык практикада жана криминалистикада психологиялык экспертиза жүргүзүү тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул процессте клиникалык психолог (нейропсихолог) өзгөчө маанилүү роль ойнойт, ал көп тармактуу бригадалардын башка адистери менен бирге жоголгон жогорку психикалык функцияларды калыбына келтирүү менен алектенет. Клиникалык психолог психикалык оорулардан жабыркаган бейтаптарга гана эмес, жардам көрсөтүүгө милдеттүү













