Окуу программасы жөнүндө
Социалдык-маданий жана көркөм долбоорлордун куратордук ишмердүүлүгү үчүн адистерди, искусство чөйрөсүндөгү менеджерлерди, арт-баалоочу, арт-директорду даярдашат. Келечектеги адистер музейлерде, маданий мейкиндиктерде, көргөзмө борборлорунда, галереяларда иштешет. Искусство жана гуманитардык илимдер адам тажрыйбасын өткөндө жана азыркы учурда изилдеген дисциплиналардын кеңири спектрин камтыйт. Алар адам маданиятынын, чыгармачылыктын, өзүн-өзү көрсөтүүнүн жана ой жүгүртүүнүн ар кандай аспектилерин түшүнүүгө, интерпретациялоого жана баалоого багытталган.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Программанын максаты ар кандай ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө иштөөгө мүмкүндүк берген, кеңири билимдерге ээ адистерди негизги жана ошол эле учурда практикага багытталган даярдоо болуп саналат. Сиз тарыхчы, журналист, министр, редактор, архивариус, куратор, музей кызматкери, коомчулук менен байланыштар боюнча адис, социалдык тармактар боюнча адис, реклама боюнча менеджер ж.б. болуп иштей аласыз. Окуу программасы аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларда, мамлекеттик бийлик органдарында, ЖМКларда, маданият тармактарында, искусство чөйрөсүндө, маданий туризмде иштей алышат.