Окуу программасы жөнүндө
Программа бизнес-процесстер үчүн маалыматтык системаларды жана технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо жаатында адистерди даярдоого багытталган. Бизнес-аналитика, менеджмент, интернет-маркетинг, жарнама ишмердиги, маалыматтык системаларды башкаруу, нерселердин интернети, маалыматтык системаларды долбоорлоо, веб жана мультимедиялык технологиялар, программалоо, жасалма интеллект ыкмаларын колдонуу, чоң маалыматтарды визуалдаштыруу жана талдоо, маалыматты чогултуу, иштетүү жана сактоо менен байланышкан компетенциялар калыптандырылат.











