Окуу программасы жөнүндө
Программа колдонмо жана фундаменталдык мүнөздөгү ар түрдүү илимий маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү математикалык моделдөө жана программалык комплекстерди иштеп чыгуу жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Программанын максаттары жана милдеттери математикалык моделдөө жаатындагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы алгоритмдерди жана ыкмаларды түзүүнү, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү илимий-изилдөө ишине жана жогорку окуу жайларында окутуучулук ишмердикке даярдоону камтыйт.











