Окуу программасы жөнүндө
Программист — IT-продуктуну түзүүнүн толук циклин аткарууга даяр универсалдуу иштеп чыгуучу, анын ичинде: - кардардын талаптарына (техникалык тапшырмага) ылайык маалыматтык системаны иштеп чыгуу боюнча долбоордук документтерди түзүү, - маалымат базаларын долбоорлоо, ишке киргизүү, башкаруу жана коргоо, - техникалык тапшырмага ылайык программалык модулдарды жана коопсуздук подсистемаларын иштеп чыгуу, - модулдук жана интеграциялык тестирлөөнү жүргүзүү, - программалык камсыздоону кардардын учурдагы системалары менен интеграциялоо.











