Окуу программасы жөнүндө
"Юриспруденция" багыты боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөр "Мамлекеттик укук" багыты боюнча кесиптик ишмердүүлүк милдеттерин негиздөө жана кызматтык милдеттердин чегинде чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле укуктук нормаларды ишке ашыруу менен байланышкан аракеттерди жасоо; укуктук документтерди түзүү; жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик формаларын коргоо; укук маселелери боюнча консультация берүү; укуктук нормаларды бирдей чечмелөөгө өбөлгө түзгөн бирдиктүү укук колдонуу практикасын түзүү; укуктук мамилелердин катышуучуларынын жүрүм-турумун аныктоо же жүрүм-турумду баалоо үчүн укуктук норманы тандоо;
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
мамлекеттик кызматчы (прокуратура органдары, салык органдары ж.б.);
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчысы;
соттун жардамчысы (административдик сот өндүрүшү);
sот аткаруучу;
шайлоо укугу, бажы укугу, миграция маселелери, салык талаштары жана башка багыттар боюнча юрисконсульт же адвокат.
Бүтүрүүчүлөр укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу, жеке жана юридикалык жактарга укуктук жардам көрсөтүү чөйрөлөрүндө өз алдынча кесиптик иш жүргүзө алышат.
Бүтүрүүчүлөр юридикалык магистратурада күндүзгү же сырттан окуу формасында окуусун улантып, төмөнкү багыттардын бирин тандай алышат:
Юрист