Окуу программасы жөнүндө
Бизнесте маалыматтык жана коммуникациялык системаларды долбоорлоо, иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча адистерди даярдоонун жаңы багыты. Бүтүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүк чөйрөсү корпоративдик маалыматтык системаларды түзүү, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча ар кандай ишмердүүлүк түрлөрүн камтыйт, анын ичинде бизнес-процесстерди пландаштыруу, башкаруу жана координациялоо. Программанын максаты – бизнес жана башкарууда маалымат технологияларын иштеп чыгууга жана колдонууга жөндөмдүү жана заманбап экономиканын санариптик трансформациясынын актуалдуу процесстерине активдүү катышууга даяр адистерди даярдоо.










