Окуу программасы жөнүндө
Магистратурада окуу процессин уюштуруу жалпы илимий циклди, кесиптик циклди, педагогикалык, илимий-педагогикалык, өндүрүштүк практикаларды, илимий-изилдөө иштерин жана акыркы мамлекеттик аттестацияны, магистрдик диссертацияны коргоону камтыйт. Ар бир окуу цикли негизги жана вариативдик (профильдик) бөлүктөргө ээ. Магистратурадагы окуу процесси бакалавриат алкагында алынган негизги билимдерди тереңдетүүнү, магистранттарга жеке багытталган мамилени колдонууну болжолдойт. Магистратурадагы сабактар англис тилинде окуучулар менен мугалимдердин ортосунда заманбап методика, педагогика жана башка приоритеттүү багыттар боюнча интерактивдүү формада өтөт.










