Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү, юриспруденция, башкаруу, калкка социалдык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү кесиптик маселелерди чечүүнү камтыйт. Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк объекттери төмөнкүлөр болуп саналат: психикалык процесстер, адамдын касиеттери жана абалы, алардын адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында, индивид, топ, коом деңгээлиндеги жеке жана социалдык өз ара аракеттенүүлөрдө көрүнүшү, ошондой эле алардын уюштуруу, өзгөртүү, таасир этүү ыкмалары жана формалары.










