Окуу программасы жөнүндө
Арт-дизайн – заманбап декоративдик-колдонмо искусствонун өзгөчө багыты. Дал ушул арт-дизайн заманбап арт-объекттерди моделдөө учурунда зарыл болгон креативдүү жөндөмдөрдү калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Арт-дизайн күнүмдүк нерселерге башкача көз караш менен кароого мүмкүндүк берет, көркөм долбоорлоодо стандарттуу эмес мамилени, түстөр менен жарыктын оригиналдуу айкалыштары менен иштөөнү, өзгөчө материалдарды жана жаңы технологияларды колдонууну, өзгөчө образдар менен иштөөнү, ар кандай стилдерде жана багыттарда арт-объекттерди түзүүнү, стилдерди аралаштырууну болжолдойт.







