Окуу программасы жөнүндө
Заманбап маалымат коому экономика боюнча ар тараптуу, өзгөчө ыкмада калыптанган жана өз ара органикалык айкалышкан билимдерге ээ, экономикалык процесстерди моделдөөнүн, чечимдерди кабыл алууну аналитикалык жактан колдоонун, корпоративдик маалыматтык системаларды долбоорлоонун, ошондой эле IT долбоорлорун иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү башкаруунун теориялык негиздерин жана практикалык көндүмдөрүн өздөштүргөн адистерге муктаж.
«Экономикадагы прикладдык информатика» профилинин бакалаврлары — информатика, IT технологиялары, эсептөө математикасы жана экономика жааттарында фундаменталдык билимдерге ээ кеңири профилдеги адистер.












