Окуу программасы жөнүндө
«Экономика» багыты сизге эмгек рыногунда дайыма талап кылынган келечектүү жана жогорку маяналуу кесипке ээ болууга мүмкүндүк берет.
Экономист — экономика чөйрөсүндөгү эксперт. Анын негизги милдети — уюмдун ишинин натыйжалуулугун талдоо, ресурстук потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу инструменттерин иштеп чыгуу жана ички жана тышкы рыноктордо компаниянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу стратегиясын түзүү. Мунун аркасында рынок конъюнктурасы жана өнүгүү тенденциялары өзгөргөн шартта компаниянын узак мөөнөттүү туруктуу иштеши камсыз кылынат.












