Окуу программасы жөнүндө
Жакшы программист IT же банк тармагында гана эмес, курулушта да керек! Чиймелер, долбоорлор, макеттер, сметалар, маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо эбак эле санариптик чөйрөгө өтүп кеткен жана ал жактан кайтып келүүнү такыр көздөбөйт! Эгер келечектүү жана жогорку маяналуу кесипке ээ болууну ойлонуп жатсаңыз, «Маалыматтык системалар жана технологиялар» багытын тандаңыз! Биздин бүтүрүүчүлөр каалаган тармакта — банктардан жана веб-студиялардан тартып курулуш уюмдарына жана илимий-изилдөө институттарына чейин — иштей алышат. Кызыкпы? Анда «Маалыматтык системалар жана технологиялар» багытына тапшырыңыз!












