Окуу программасы жөнүндө
Техносферанын коопсуздугу — кадрларды эмгекти коргоо, ошондой эле технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн кадимки шарттарда да, өзгөчө кырдаалдарда да өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу жаатында даярдоо багыты.
Азыркы этапта өнөр жай коопсуздугу көйгөйлөрү социалдык чөйрөдөн социалдык-экономикалык чөйрөгө өтүп, ишкананын чарбалык ишмердигинин натыйжаларына активдүү таасир этүүдө. Ошондуктан азыр да, келечекте да технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн коопсуздугу боюнча жогорку квалификациялуу адистерге болгон муктаждык жогору бойдон калат.












