Окуу программасы жөнүндө
Аспирантурада окуу системалуу ой жүгүртүүнү жана изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүп, илимий даражага (илимдин кандидаты) ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. Бул илимде, билим берүүдө жана бизнесте кесиптик өсүүгө жол ачат, илимий эмгектерди жарыялоого, гранттарга жана конференцияларга катышууга мүмкүндүк берет. Транспорт жана логистика сыяктуу колдонмо тармактарда аспирантура экономикалык-математикалык моделдөө, маалыматтарды талдоо жана аймактык программаларды иштеп чыгуу боюнча компетенцияларды калыптандырат. Натыйжада талапкер академиялык чөйрөдө, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана корпоративдик сектордо суроо-талапка ээ болот.











