Окуу программасы жөнүндө
Бүгүнкү күндө логистика – бул маалыматтык, материалдык, каржылык жана сервистик агымдарды башкаруу жана оптималдаштыруу боюнча илимдин негизги багыттарынын бири, ошондой эле анын зарыл муктаждыктарын камсыз кылган бизнес тармагы. Логистиканын негизги милдети – керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын камсыз кылуу. Бул милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү керектүү чекитке, оптималдуу маршрутка боюнча, талап кылынган убакытта эң аз чыгымдар менен жеткирүү системасын түзүү керек. Бул менен түздөн-түз транспорттук логистика алектенет.












