Окуу программасы жөнүндө
Наноинженерия – микроскопиялык кичинекей объектилерди изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенген заманбап илим тармактарынын бири. Наноинженерлер – дүйнөнү таанып-билүүгө, жаңы нерсе жаратууга умтулган кызыккан адамдар. Алардын мүнөзүндө кылдаттык, чыдамкайлык, көңүл буруу, тактык, активдүүлүк басымдуулук кылат. Абстрактуу ой жүгүртүү, чыгармачыл мамиле жана коммуникабелдүүлүк, коллективди башкара билүү маанилүү.










