Окуу программасы жөнүндө
"Телекоммуникациялык системалардын маалыматтык коопсуздугу" - телекоммуникациялык системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу системаларын куруу, изилдөө жана эксплуатациялоо менен байланышкан көйгөйлөрдүн жыйындысын камтыган илим жана техника тармагы. Маалыматты коргоо боюнча адистин кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери болуп телекоммуникациялык системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу ыкмалары, каражаттары жана системалары эсептелет.










