Окуу программасы жөнүндө
Бакалавр психологиясынын кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары: психодиагностика, психопрофилактика, психокоррекция жана өнүктүрүү иши. «Профайлинг» профили боюнча окуган бүтүрүүчүнүн өзгөчө артыкчылыгы – адамдын жүрүм-турумун жана башка адамдар менен шайкештигин болжолдоо, мотивацияны аныктоо, конкреттүү адамды ишендирүү стратегияларын түзүү, сүйлөшүүлөрдө туура стратегияны тандоо, инсанды дезадаптоочу шарттарды аныктоо, байкалган белгилер боюнча адамдын системалык мүнөздөмөсүн берүү, психологиялык профилдерди жана портреттерди түзүү жөндөмү.


















