Окуу программасы жөнүндө
Программа студенттердин имараттардын жана турак жайлардын интерьерлерин, ландшафттык дизайн объектилерин долбоорлоого жана моделдөөгө даярдыгын калыптандырууга багытталган. Окуу тапшырмалардын акырындык менен татаалдашуусун эске алуу менен жүргүзүлөт: салттуу долбоордук график ыкмаларын өздөштүрүүдөн баштап айлана-чөйрөнү долбоорлоого чейин. Окуу процессинде студенттер шаардын коомдук мейкиндигин долбоорлоого катышып, кесиптик ишмердүүлүк тажрыйбасын алышат.


















