Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы дизайн магистрин – дизайнерди даярдоого багытталган, ал долбоордук жана көркөм-чыгармачыл кесиптик маселелерди чечүүгө жөндөмдүү, долбоорлоо боюнча илимий-теориялык ыкмага, дизайн теориясына жана заманбап искусствонун практикалык негиздерине таянып, дизайн чөйрөсүндө уюштуруучулук ишмердүүлүктү аткара алат, объекттерди жана дизайн комплекстерин долбоорлоонун инновациялык технологияларын колдоно алат; долбоордук ишмердүүлүктүн эң жакшы натыйжаларына жетүү үчүн образдуу ой жүгүртүүнү, көркөм-чыгармачыл ыкманы айкалыштырып, концептуалдык дизайнердик идеяларды чыгара алат.












