Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында мобилдик, браузердик жана десктоптук кардар-сервер системаларын долбоорлоо жана иштеп чыгуу технологиялары жана көндүмдөрүнө ээ адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Студенттердин компетенция тармактары бир эле учурда frontend, backend, mobile жана desktop иштеп чыгуу, ошондой эле сервистик программалык камсыздоону башкаруу, маалыматтык менеджмент, базаларды жана маалымат сактагычтарды долбоорлоо жана түзүү болуп саналат. Бүтүрүүчүлөр интернет-сайттарды, мобилдик тиркемелерди, маалымат системаларын жана ар кандай максаттагы кызматтарды иштеп чыгуу жана коштоо зарылдыгына байланыштуу талапка ээ.









