Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында экологиялык коопсуз техника жана технологияларды иштеп чыгуу, долбоорлоо, орнотуу, эксплуатациялоо жана өркүндөтүү, ишканаларда жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн уюштуруу жана башкаруу, продукцияны сертификаттоо менен алектенген адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Алар ошондой эле эксперттик, көзөмөлдүк жана аудитордук ишмердүүлүктү жүргүзө алышат.









