Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында медиа мейкиндикте дизайнер болуп иштөө көндүмдөрүнө, UI/UX-дизайн чөйрөсүндө иштөө көндүмдөрүнө, дизайн долбоорун кардар менен макулдашуу көндүмдөрүнө ээ адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Долбоорго багытталган окутууга чоң маани берилет, анын негизинде кросс-функционалдык командада иштөө жатат. Бүтүрүүчүлөр дизайндагы санариптик продукциялардын статистикалык маалыматтарын чогултуу жана талдоо жүргүзүшөт; web-дизайн объектилерин жана оюн чөйрөсүн түзүүгө жана иштеп чыгууга багытталган түз тапшырмаларды чече алышат; дизайн-продукция түзүү процессин толугу менен түзө алышат.










