Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасынын максаты — реклама, маркетинг жана коомчулук менен байланыш тармагында заманбап медиа-чөйрө жөнүндө билимге, эффективдүү коммуникациялык стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу көндүмдөрүнө, рынокту жана максаттуу аудиторияны анализдөөгө, брендди жана имиджди башкарууга, ошондой эле динамикалуу өнүгүп жаткан медиа-индустриялардын шарттарында ийгиликтүү иштөө үчүн кесиптик ишмердүүлүктүн укуктук жана этикалык аспектилерин түшүнүүгө ээ квалификациялуу адистерди даярдоо.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Программанын бүтүрүүчүлөрү жарнама агенттиктеринде, PR жана коммуникация агенттиктеринде, коммерциялык компаниялардын маркетинг бөлүмдөрүндө, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында (телевидение, радио, интернет-басылмалар) иштей алышат. Алар басма сөз кызматтарында жана коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө, медиа-компанияларда, изилдөө жана аналитикалык борборлордо талап кылынат. Адистер жарнама жана PR менеджерлери, бренд-менеджерлер, маркетологдор, медиапланерлер, коммуникация боюнча адистер, рынок аналитиктери кызматтарын ээлей алышат, ошондой эле жарнамалык жана коммуникациялык кампанияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, маркетингдик жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана уюмдардын жана ЖМКлардын имиджин башкарууга катыша алышат.