Окуу программасы жөнүндө
Терең кесиптик билимге жана тиштердин катуу ткандарынын ооруларын (кариес жана анын татаалдашуулары), ооз көңдөйүнүн былжыр челинин ооруларын диагностикалоо жана дарылоо максатында илимий изилдөөлөрдү өз алдынча жүргүзүү, ошондой эле тиштердин эстетикалык реставрациясын жүргүзүү жөндөмүнө ээ дарыгер-стоматологдорду даярдоо. Бул илимий адистик адамдын заманбап жашоосунда абдан талап кылынат. Дал ушундай адис биринчи кезекте бейтап менен жолугуп, тиштерге байланыштуу негизги көйгөйлөрдү чечип, ооз көңдөйүнүн ден соолугунун «сактоочусу» болуп саналат.







