Окуу программасы жөнүндө
Заманбап маалыматтык технологиялар менен бизнес натыйжалуулугун башкарууга жөндөмдүү адистерди даярдоо. Студенттер IT-стратегиялар жаатында негиздүү жана сабаттуу чечимдерди кабыл алуу үчүн программалык платформаларды, ошондой эле өздөрүнүн рынок секторунда лидер болуп саналган каражаттарды жана продуктуларды изилдешет: кеңсе программалары, топтук иштөө технологиялары, долбоорлорду башкаруу, кардар-сервер технологиялары ж.б. Биздин адистер ар кандай бизнес түрүн, стратегиялык пландаштырууну, бизнес жана мамлекеттик башкаруудагы чечимдерди кабыл алуу процессин колдоо үчүн колдонулган маалыматтык жана коммуникациялык системаларды пландаштырат, иштеп чыгат, ишке киргизет, эксплуатациялайт жана өнүктүрөт.









