Окуу программасы жөнүндө
Программа маалыматтарды талдоо, машиналык окутуу жана ИИ жаатындагы маселелерди чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган. Студенттер негизги дисциплиналарды (математика, программалоо, маалымат базалары) изилдеп, алдыңкы технологияларды өздөштүрүшөт: маалымат аналитикасы, машиналык окутуу, компьютердик көрүү жана математикалык моделдөө. Студенттер интеллектуалдык системаларды долбоорлоону жана иштеп чыгууну, аларды тестирлөөнү жана чыныгы бизнес-процесстерге киргизүүнү үйрөнүшөт.









