Окуу программасы жөнүндө
Креативдик индустриялар чөйрөсү үчүн адистерди даярдоо, коом менен жаңы байланыш формаларын иштеп чыгууга жана ар кандай коммуникациялык платформаларда – ТВ, социалдык тармактарда, кино платформаларында, интернет мейкиндигинде бирдиктүү мультимедиялык долбоорду башкарууга багытталган, ошондой эле жаңы бренддерди түзүүгө жана илгерилетүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо. Студенттер коммуникация теориясын, долбоордук менеджментти, маданият жана искусствонун тарыхын жана актуалдуу маселелерин, креативдик индустриялардагы санариптик технологияларды, мультимедиялык технологияларды жана контент түзүүнү изилдешет. Тректер жана чыгармачыл устаканалар адистик боюнча каралган: кино, телекөрсөтүү жана анимация, окуялык бизнесте продюсерлик кылуу, сценарий чеберчилиги, илгерилетүү.









