Окуу программасы жөнүндө
Программа студенттерди маркетолог кызматында кесиптик ишмердүүлүккө даярдайт. Маркетолог маркетингдин оперативдүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууга, пландаштырууга жана ишке ашырууга жөндөмдүү болот. Маркетинг программаларын талдоо, пландаштыруу жана башкаруу боюнча терең билимдер жана көндүмдөр бүтүрүүчүлөргө маркетинг иш-чараларынын программаларын, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн баалуулук түзүү жана аны жеткирүү процесстерин ийгиликтүү башкарууга мүмкүндүк берет.











