Окуу программасы жөнүндө
Бакалаврларды даярдоо ар түрдүү экономика тармактарындагы бизнес-процесстерди автоматташтырууга коюлган талаптарды аныктап, талдай алган, заманбап санариптик программалык-техникалык платформалардын негизинде маалыматтык системаларды жана сервистерди долбоорлоп, иштеп чыгып жана ишке киргизе алган, ошондой эле IT-долбоорлорду башкарууга катыша алган маалыматтык системалар боюнча адистердин компетенцияларын калыптандырууга багытталган. Негизги басым ишкананы ар түрдүү багыттарда автоматташтыруу процессин — долбоор алдындагы изилдөө этабынан тартып ишке киргизүүгө чейин — үйрөнүүгө жасалат. Маалыматтык системаларды долбоорлоого жана моделдөөгө, системага коюлуучу талаптарды иштеп чыгууга, ошондой эле компаниянын бизнес-процесстерин изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулат.











