Окуу программасы жөнүндө
Практикага багытталган билим берүү программасы билим алуучулардын жекече билим алуу траекториясын калыптандырууну камсыз кылат. Бүтүрүүчүлөрдүн жогорку квалификацияга жетишүүсү интерактивдүү жана долбоордук билим берүү технологиялары аркылуу камсыздалат. Программа боюнча окутуу ар түрдүү өнөр жай жана соода тармактарынын объектилери катары товарлар жөнүндө эксперттик билимдерди калыптандырууга мүмкүндүк берген реалдуу товар үлгүлөрү бар заманбап лабораторияларда жүргүзүлөт. Окутуу багыты экономиканын ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү ишканаларда сапатты башкаруу жана товарларга экспертиза жүргүзүү жаатындагы адистерди даярдоого багытталган.











